Химиялык курал — ал уулантып массалык жабыркоого алып келет. Анда адамдар, жаныбарлар ууланып, аба, аймак, курулуш, техника, суу, азыктүлүк булганат. Уу заттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндөгү эл аралык келишимдердин түзүлгөнүнө карабастан бир топ капиталисттик мамлекеттер куралданууда. Алар суюк-тамчы, буу (газ) абалында же аэрозоль түрүндө колдонулат. Адамдар булганган аба менен дем алганда, уу заттардын тамчысынан, буунун таасиринен булганган тамак-аш, сууну пайдаланганда жабыркайт. Химиялык курал шал кылуучу, жалпы уулантуучу, терини ириңдетүүчү, муунтуучу, психикага таасир этүүчү жана башкалар болуп бөлүнөт.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8