Хоббит: Смаугдун ээн талаасы

"Хоббит: Смаугдун ээн талаасы" (англ. The Hobbit: The Desolation of Smaug, орус. Хоббит: Пустошь Смауга) — 2013-жылы тартылган эпикалык фантастикалык окуя тасмасы. Режиссеру Питер Жексон. Тасманы WingNut Films New Line Cinema жана Metro-Goldwyn-Mayer компаниялары менен биргелешип тартышкан. Кино Warner Bros. Pictures компаниясы тарабынан жайылтылган. Бул Жон Роналд Руэл Толкиндин 1937-жылы жарык көргөн "Хоббит" романына негизделип тартылган үчилтиктин экинчи сериясы. Биринчи сериясы "Күтүлбөгөн сапар" (2012), үчүнчү сериясы "Беш аскер күчүнүн салгылашы" (2014) деп аталат. Булар Жэксондун "Шакектер ээси" үчилтик тасмасынын приквели же башаты болуп эсептелет.

Тасманын мазмуну Торин Эменкалкандын жетекчилиги астында эргежээлдер менен бирге башкы каарман Билбо Бэггинстин Жалгыз тоону ажыдаар Смаугдан куткаруу үчүн бараткан окуясына жетелейт. Фильмде ошондой эле Азог менен Болгдун тайбас куугуну тууралуу баяндалат. Боз Гэндалф Дол Гулдурдун урандыларындагы көбөйүп бараткан жамандыктарды изилдейт. Актердук топко киргендер Айан Маккеллен, Мартин Фриман, Ричард Армитиж, Бенедикт Камбербэтч, Эвангелина Лилли, Ли Пейс, Лук Эванс, Кен Стотт, Жэймс Несбитт жана Орландо Блум.

"Хоббит: Смаугдун ээн талаасынын" бет ачары 2013-жылдын 2-декабрында Лос Анжелесте болуп өткөн. Ал эми дүйнө жүзүндө салттык жана IMAX кинотеатрларда ошол жылдын 11-декабрынан тарта көрсөтүлө баштаган. Тасмага көбүнчө оң ой-пикирлер айтылган жана дүйнөлүк кассалык жыйымдары 958 млн доллардан ашык сумманы түзгөн. Муну менен ал "Шакек бир туугандар" менен "Эки мунараны" ашып түшүп, 2013-жылдын эң көп киреше алып келген 4-тасмасы, ал эми жалпы жонунан эң көп киреше алып келген кинотасмалардын ичинен 34-орунга чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү