Хомейни Рухоллам Мусавим

Хомейни Рухоллам Мусавим (24. 9. 1902, айрым маалыматтар боюнча 1898 - 1900, Хомейн, Персия - 3. 6. 1989, Тегеран ш., Иран) - Ирандын саясий ишмери, улуу «аятолла» (шииттердин жогорку диний наамы), Ирандагы ислам революциясынын лидери (1979).

Ирандын жогорку башкаруучусу (1979-89). 1963-жылдан шах режимине каршы оппозицияда болгон. 1964-ж. Ирандан куулуп, адегенде Иракта, кийин Францияда эмиграцияда жүргөн. 1979-ж. Иранга кайтып келип, шах тартибин кулатып, Ислам республикасынын орноткон революцияга жетекчилик кылган. Республиканын жаңы конституциясы кабыл алынып, өлкөгө ислам мыйзамдары киргизилген; саясат, экономика жана маданият толук исламдаштырылган. Курандын жана шариаттын шарттарына негизделген исламдык сот иштерин жүргүзүү системасы кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4