Хосе Лаурел
Хосе Пасиано Лаурел и Гарсия (исп. José Paciano Laurel y García; 9-март 1891-жыл, Танауан, Батангас — 6-ноябрь 1959-жыл, Манила) — филиппиндик саясатчы, Экинчи Филиппин Республикасынын президенти (14-октябрь 1943-жыл — 17-август 1954-жыл). Азыркы Филиппинде ал өлкөнүн үчүнчү президенти катары таанылган.[1][2]
Хосе Пасиано Лаурел исп. José Paciano Laurel | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
14-октябрь 1943 — 17-август 1954 | ||||
Андан мурунку: | Мануэл Кесон | |||
Андан кийинки: | Серхио Осменья | |||
Дини: | Католик чиркөөсү | |||
Туулган жылы: | 9-март 1891 | |||
Туулган жери: | Танауан, Батангас, Капитан генерал Филиппиндер, Жаңы Испания, Испания империясы, Испания | |||
Каза болгон жылы: | 6-ноябрь 1959 | |||
Каза болгон жери: | Манила, Филиппин | |||
Мүрзөсүнүн орду: | Танауан | |||
Атасы: | Сотеро Ремокильо Лаурел | |||
Апасы: | Джейкоба Гарсиа-Лаурел | |||
Жубайы: | Пасенсия Лаурел | |||
Балдары: | Хосе Лаурел III, Хосе Лаурел кичүү, Сотеро Лаурел, Арсенио Лаурел жана Сальвадор Идальго Лаурел | |||
Партиясы: | Улутчул партия | |||
Билими: | Филиппин университетинин юридикалык факультети, Санто-Томас университети, Йел юридикалык мектеби, | |||
Автограф: | ||||
Өмүр баяны
түзөтүүБай филиппиндик үй-бүлөдө төрөлгөн Хосе Лаурел 1915-жылы Филиппин университетинин Юридикалык факультети, андан соң 1919-жылы Филиппиндеги Санто-Томас университетин жана АКШдагы Йел юридикалык мектебин бүтүргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин 1922—1923-жылдары Филиппиндин ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри болгон. Кийинчерээк Филиппин сенатында сенатор жана Жогорку соттун мүчөсү болуп иштеген.[3][4]
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1942-жылы жапон аскерлери Филиппинди басып алганда, Лаурел жапон оккупациялык бийликтери менен кызматташып, убактылуу өкмөттү уюштурууга катышкан, андан кийин конституцияны иштеп чыгуу боюнча комитеттин төрагасы; 1943-жылдагы шайлоолордо ал Экинчи Филиппин Республикасынын президенти болуп шайланган. 1943-жылы Токиодо өткөн Улуу Чыгыш Азия конференциясында Филиппиндин өкүлү болгон. Согуш учурунда Лаурелге партизандар эки жолу кол салышкан. 1945-жылы март айында Томоюки Ямасита командачылыгындагы жапониялык кошумча күчтөр коргонуу үчүн Филиппинге келгенде, ал ага олуттуу колдоо көрсөткөн. 1945-жылы 15-августта Жапония багынып бергенден кийин Лаурел Филиппин Республикасынын өкмөтүн таркатканын жарыялаган жана көп өтпөй генерал Д.Макартур баштаган америкалык оккупациялык бийликтер аны камакка алып, Токиодогу Сугамо түрмөсүнө камап салышкан.[5][6]
Булактар
түзөтүү- ↑ https://www.britannica.com/biography/Jose-P-Laurel
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 8 -март (жалган куран) 2014.
- ↑ https://www.munzinger.de/search/go/document.jsp?id=00000005475
- ↑ https://www.geni.com/people/Jose-P-Laurel/6000000012867518379
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 31 -март (жалган куран) 2023.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2023.