Экинчи Филиппин Республикасы
Экинчи Филиппин Республикасы, расмий аталышы — Филиппин Республикасы (тагал. Repúbliká ng Pilipinas, исп. República de Filipinas, жап. フィリピン共和国 , Firipin-kyōwakoku) — Жапония империясы басып алган Филиппиндин аймагында түзүлгөн мамлекет (14-октябрь 1943-жыл — 17-август 1945-жыл).[1][2]
Филиппин Республикасы тагал. Repúbliká ng Pilipinas исп. República de Filipinas жап. フィリピン共和国
| |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Борбор калаа | Манила, Багио | ||||||||
Тил | Тагал тили | ||||||||
Аянт | 300 000 км² | ||||||||
Калк | 18,846,800 | ||||||||
Башкаруу формасы | Авторитардык республика | ||||||||
Президент | Хосе Лаурел | ||||||||
Өкмөт башчысы | Хорхе Б. Варгас | ||||||||
Улуттук чогулуштун спикери | Бенигно Акино | ||||||||
Мыйзам чыгаруучу орган | Улуттук Ассамблея | ||||||||
Тарых | |||||||||
- Режим коюлган: | 14-октябрь 1943 | ||||||||
- Режим жокко чыгарылды: | 17-август 1945 | ||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||
← Филиппин Шериктештиги Филиппин Шериктештиги → Америка Кошмо Штаттары → |
Тарыхы
түзөтүүЖапон оккупациясы
түзөтүүЭкинчи дүйнөлүк согуш маалында жапон аскерлери 1941-жылы декабрда Филиппинге десант жасашкан. 1942-жылдын 2-январында алар Маниланы басып алышкан. 1942-жылдын 6-майында Коррегидор аралындагы акыркы америкалык бөлүктөр багынып беришкен. Жапония Филиппинди 1942-жылы 6-майда Коррегидор согушунан кийин толугу менен басып алган.
1942-жылдын январында граждандык администрациянын түзүлгөндүгү жарыяланып, Мамлекеттик Консультативдик Совет жана Аткаруу Комиссиясы түзүлүп, аны Х.Варгас жетектеген. Муну менен катар бардык саясий партияларга тыюу салынды. 1943-жылдын 14-октябрында Филиппин Республикасынын формалдуу көз карандысыздыгы жарыяланган. Президенттикти улутчул Хосе Пасьяно Лаурел алды.
Чындыгында архипелагдагы бийлик жапондук оккупациялык бийликтерге өтүп, алар Филиппиндин экономикасын Жапониянын муктаждыктарына ылайык кайра курууга киришкен.[3][4]
Филиппиндин АКШга кайтып келиши
түзөтүү1945-жылдын февраль айында АКШнын армиясы каршылык көрсөтүүчү партизандары менен бирге Маниланы бошоткон. Акыркы жапондук бөлүктөр 1945-жылдын июлуна чейин талкаланган.
Филиппинди оккупациялап алган америкалык аскерлер жергиликтүү бийликти таркатып, башкаруучу партиянын бир катар лидерлерин камакка алышкан.
1946-жылы 4-июлда Филиппиндин көз карандысыздыгы жарыяланган.[5][6]
Булактар
түзөтүү- ↑ https://web.archive.org/web/20150315013844/http://malacanang.gov.ph/5235-70th-anniversary-of-the-second-philippine-republic/
- ↑ https://apps.dtic.mil/sti/pdfs/ADB068659.pdf
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -октябрь (тогуздун айы) 2023.
- ↑ https://www.facebook.com/philippinediaryproject/videos/2314877645492447/?v=2314877645492447
- ↑ https://web.archive.org/web/20090303111656/http://www.pangulo.ph/prexy_jpl.php
- ↑ https://archive.is/20101018113418/http://www.filipiniana.net/publication/constitution-of-the-second-philippine-republic-the-1943-constitution-of-the-republic-of-the-philippines/12791881595174