Хроматида (гр. chroma, chromatos - өң, боек) - хромосоманын эки эселенишинин натыйжасында клетканын ядросунун интерфазасында калыптануучу хромосоманын структуралык элементи. Эки Х-дан турган хромосома митоздун метафазасында эң жакшы байкалат; центромеранын бөлүнүшүнөн кийин хроматиддер жаш ядролорго ажырайт, жана өз алдынча хромосомаларга калыптанышат. Мейоздо гомол. хромосомалардын жуптары жакындашып, төрт Х-дан (тетраду) турган структураны пайда кылышат. Х-лардын ортосундагы айырмачылык кроссинговердин же бир хромосоманын Х-далык бөлүктөрүнүн эки тараптуу алмашууларынын натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Кээ бир физ., хим. жана физиологиялык шарттар мындай алмашуулардын жыштыгын жогорулатат.

Хромосома
1: Хроматида
2: Центромера

Колдонулган адабияттар түзөтүү