Центромералар (лат. centrum, гр. kentron - борбор, ортоңку чекит жана meros - бөлүк) - кинетохор митоздук же мейоздук бөлүнүү учурларында хромосомалардын клетканын ар кайсы уюлдарына ажырашын жөнгө салуучу хромосоманын участогу, хромосомадагы бөлүнүү түйдөгүнүн жипчелерине (микротүтүкчөлөрүнө) бекитилген орун. Локализацияланган (моноцентриктер) жана аралашкан (диффузияланган, каалаган бөлүгүндө кинетикалык кызматы үстөмдүк кылуучу - голокинетиктер) центромералуу хромосомаларга бөлүнүшөт. Кээде моноцентриктерде кинетикалык кызмат аткаруучу (неоцентромердик активдүүлүк) бөлүктөр пайда болот. Белгилүү хромосомада центромеранын абалынын өзгөрүшү хромосомалардын кайрадан түзүлүшүн аныктоонун критерийи болуп саналат.

Хромосома
1: Хроматида
2: Центромера

Колдонулган адабияттар түзөтүү