Мухтаров Хусейн (1938-ж., Чүй району - 2001-ж., Бишкек) - опера ырчысы (бас). Кыргыз ССР эл артисти (1984).

1964-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясын бүткөндөн А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болгон.

Көрүнүктүү опералык партиялары: Манас, Коңурбай, Ады, Чынкожо (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Манас», «Алтын кыз», «Айчүрөк»), Семён, Балбай, Кулжыгач (М. Абдраев, «Токтогул», «Бороон алдында», «Олжобай менен Кишимжан»), Жумабек, M. В. Фрунзе (В. Власов, «Таң атарга бир саат калганда»), Жоробек (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту»), Даанышман (С. Осмонов, «Сепил»), Король Рене, Гремин (П. И. Чайковский, «Иоланта», «Евгений Онегин»), Князь Игорь (А. П. Бородин, «Князь Игорь»), Борис Годунов (М. П. Мусоргский, «Борис Годунов»), Жрей, Амансоро, Филипп, Мантероне, Людовик (Ж. Верди «Аида», «Дон Карлос», «Риголетто», «Отелло» опералары), Дон Базилио (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Лепорелло (В. Моцарт, «Дон Жуан»), Мефистофель (А. Бойто, «Мефистофель»), Васков (К. Молчанов, «Бул жердин таңы бейкут»), Петр I (Петров, «Петр I»), Тегирменчи (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Тейитбек (Н. Давлесов, «Курманбек») ж. б.

Мухтаров опералык репертуар менен бирге дүйнөлүк жана кыргыз, орус композиторлорунун патриоттук, лирикалык, классикалык ырларын мыкты аткарган ырчы болгон. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Эл Достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.