Хүго Уоллес Уивиң (англ. Hugo Wallace Weaving; 1960-жылдын 4-апрелинде туулган) - теги нигериялык, британиялык-австалиялык кино жана сахна актеру. Ал "Матрица" (англ. Matrix, 1999-2003) үчилтигинде Агент Смиттин ролу аркылуу белгилүү болгон. Ошондой эле "Шакектер ээси" ( The Lord of the Rings, 2001–2003), "Хоббит" (англ. The Hobbit, 2012–2014) үчилтигинде Элронддун, "Вендетага В кетет" (англ. V in V for Vendetta, 2006), "Биринчи өч алуучу" (англ. The First Avenger, 2011) тасмасында "Кызыл баштын" "Абийирдин үстөмдүгү" (англ. Hacksaw Ridge, 2016) тасмасында Том Досстун ролун ойногон.

2014

Хүго Уивиңдин телесериалдагы биринчи ролу 1984-жылы тартылган "Бодилайн" (англ. Bodyline) тасмасында капитан Дугласс Жаргиндин ролу болгон. Актер атактуулукка "Далил" (англ. Proof, 1991) аттуу австралиялык драмасындагы Мартиндин ролу аркылуу жеткен Ал "Чөл канышасы Присцилланын жоруктары" (англ. The Adventures of Priscilla, Queen of the Desert, 1994) тасмасында Энтони Белроуздун / Митци Дель Бранын ролдорун жана "Булуттуу атлас" (англ. Cloud Atlas, 2012 ) тарыхый-фантастикалык тасмасында бир нече ролду аткарган. Ал "Бэйб" (англ. Babe) тасмасында Рекстин, "Бут" (англ. Happy Feet) жана "Бут 2 " (англ. Happy Feet Two ) тасмаларында Нойдун, жана "Трансформер" (англ. Transformers) сериалында Мегатрондун үндөрүн коштогон.

Актер Эл аралык пресс-академиясынын "Спутник" сыйлыгын, MTV киносыйлыгын, Австралия кино жана телеакадемиясынын сыйлыгын алты жолу алган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү