Цианкобаламин (В12 витамини) биологиялык өтө активдүү затка кирет. Бул витамин бардык жаныбарга керек. В12 витамини метионин, нуклеин кислоталарынын синтезине, кан пайда болуу процессине жана башка катышат. В12 витамининин жетишсиздиги аны сиңирүү бузулганда болуп, аз кандуулуктун оор формасына алып келет. Дени соо кишинин суткалык керектөөсү чоңдордо 0,007 мг, балдарда 0,005— 0,002 мг болот. Организмге тамак менен келет, ошондой эле ичеги микроорганизмдери синтездейт. В12 витамини жаныбар тектүү продуктуларда, айрыкча уйдун боорунда көп. Медицина, ветеринария жана куш чарбасында кеңири колдонулат. Өнөр жайда микробиологиялык синтездөө менен алынат. Витамин жетишсиздигинин алдын алууда жакшы тамактануунун, ошондой эле гельминтоздорду убагында дарылоонун мааниси чоң. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8