Чаа

болжол менен XVI- кылымдын ортосунда ХVII-кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн

Чаа бий - (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) болжол менен XVI- кылымдын ортосунда ХVII-кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн.

Солто уулу Чаа бий
 
Уруусу: Солто уруусу
Атасы: Солто ата
Балдары: Каракчы
Талкан бий
Тата
Жоочалыш
Кесиби: Бий
  • Алтай-түрк тилинде «чаа» деген титул болгон. Ал эми азыркы тыва тилинде "чаа" деген сөз "жакшы" дегенди билдирет.
  • Чаа бийдин сөөгү, кээ бир маалыматтарга таянсак, Боролдойдун маңдай жагында - Ак Бекетин Чоң Алышынын тушунда койулган. Ал жер илгери Чаа Алышы деп айтылчы дешет.

Чаа бий Кыргыз санжырасынын маалыматтары боюнча анын түпкү ата-бабалары Тагай бийден тараган. Тагай бийдин Богорстон, Койлон, Кылжыр деген үч уулу болгон. Богорстондон - Эштек, Эштектен - Солто. Солто бийден Күнтуу, Култуу жана Чаа. Чаа бала кезинен жоокерчилик заманга ылайык, баатырлык иштерге маш болуп чоңоет. Санжырачылардын ою боюнча Чаа деген ат илгерки Алтайда жашаган түрктөрдүн аскердик наамы болгон. Баатыр болуп эр жеткенде ал бөрү кулак, шер кабак, калдагай баш, көзү үңкүр, чап жаак, узун бойлуу адам болгон. Ал жаш кезинде эле кыргыздарды калмактардын чапкынынан бошотуу үчүн өз элинен кол курап тынымсыз салгылашып турган.

Тышкы душмандарга каршы күрөшүсү1634-жылы ойрот-калмак мамлекети Жуңгар хандыгы түзүлөт. Ал мамлекетти 1635-1653-жылдарда Эрдене Батурхан Тайши башкарган. 1643- жылы алардын 150 миң атчан аскерлери казак кыргыз жерине басып киришкен. 1643-1652-жылдарга чейин созулган бул салгылашууда казак султаны Жаңгир, Самаркандын акими Жалаң төш, солтонун бийи Чаанын бириккен колу жоого катуу сокку уруп, аларды Енисей, Сибирь тарапка чегиндирет. Мындан тышкары , 1628-жылдарда казактын султаны Эр Эшим, багыштардан Көкүм бий, солтодон Чаа бий өз кошуундары менен Ташкент шаарын тышкы душмандардан бошотууга катышат. Ошондо колго түшкөн кулдардын бири Эр Эшим, Чаа бийге ыраазылык билдирүү менен алып берет. Ал күндөн төрөлгөн Чаа бийдин тукумдары кыргыздардын солто урууларынын ичинде жашашат. Чаанын жоого карты салгылашып эрдик көрсөткөн баатырлыгынан тышкары өз элине жашоонун дыйканчылык түрүн да көрсөтүп, үлгүлүү иш кылганы эл оозунда айтылат. Мисалы, ал калмактардын доорунда (XVIII- кылымдын биринчи жарымында) Чүйдө, азыркы Кичи Кемин Желаргы, Жаңы Алыш деген аймакта эгин сугаруу үчүн суу жеткирген арык салдырган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол арыкты эл «Чаа алыш» деп аташат. Чаа 70 жаштан аша өмүр суруп, Чуй өрөнүндө дыйканчылыкка ж.б. чарба иштерине өз салымын кошуп, элине көп жакшылык кылган. Ошондуктан Чаанын мезгилиндеги калмак жапырыгынан кийинки заманды кыргыз элинен чыккан ырчылар «Байгерчилик заман» дешип, минтип ырга кошушкан:
Күн куркүөп жаз чыгып,
Аштык даны бат чыгып.
Сайлар толо суу ташып,
Мартабасы күндө ашып.
Жерге келет бир кезек,
Ат семирип нык толуп,
Жигиттери бук болуп.
Туу көтөрүп, эл коргоп. Эрге келет бир кезек!