Күнтуу Солто бийдин үч баласынын тунгуч уулу.

Тагай бийдин кыбырасы (Эштек баатыр чон-атасы, Богорстон - бабасы). Атактуу биртуугандары Култуу жана Чаа. Кээбир тарых маалыматтарына таянса, болжолу 1588-1663 жылдары жашап өткөн.

Күнтуудан Токбай, Карамерген, Төрө (Тору), Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун - жети уулу болуп, азыркы күндө Бишкектин түштүгү жана күн батыш тарабында (Сокулук жана Аламедин райондору) Ала-Арча менен Жыламыш сууларынын ортосунда, он эки айылда Токбай, Карамерген, Кулболду, Чонмурун, Дандыбай, Кашкабаш жана Сарбан аталыктарга таралып жайгашып турушат.

Күнтуу айылдары түзөтүү

Тарыхий жерлерин ээлеп, күнтуу эли Ала-Арча менен Жыламыш эки суунун ортосунда Күнтуу, Кызыл-туу, Арчалы, Кашкабаш, Токбай, Сарбан, Кайырма, Чон-Жар, Достук, Ысмайыл, Шалта, Байгелди, Жал.

 
Күнтуу элинин курултайы. Чон-Жар айылы, 2011 жыл.

Ошондой эле, Күнтуу тукумдары Таласта, Ошто, Жалал-Абадта, Көлдө, Жумгалда, Тогуз-тородо, Кеминде туруп калышкан.

Тарыхы түзөтүү

  • Уламыш түрүндө эл оозунда сакталып келген сөзгө таянсак, Солто бий үч баласын Санчы сынчыга сынатканда, Күнтуу жөнүндө: «балдары улук, кыздары сулуу, аттары күлүк» болот деп айтылыптыр дешет. Чынында эле, санжыра жана башка эл тарыхында күнтуу элинен баатырлар жана жоокер адамдар көп чыккан. Алардын ичинен Карамерген баатыр, Бала Кутуйан, Кыдык балбан, Эр Бургө, Ашырбай баатыр, Орозду баатыр, Эр Аспек жана башкаларды атап айтса болот. Эл оозунда дагы айтылат, кыргыз-казактын жунгар-калмактарга каршы чон согушунда, күнтуунун уулдары аябагандай зор эрдик көргөзгөнү үчүн, казактын ханы Абылай күнтуу колунун башчысына кызыл байрак ыйгарган деп.
  • Күнтуулардын урааны: Солто! Күнтуу! (эски урааны жалпы солтонукундай Каратал!).
  • Тамгасы: Ай Тамга (жалпы солтонуку).
  • Аталган баатырлардын көбү Байтик Канай уулунун замандаштары, достору жана санаалаштары болуп, көбүнчө аскерий жортуулдарына катышып, ысымдары тарыхта калып, күнтуу менен канай эли тыкыс байланышта болгонун далилдейт. Ар кандай аңыз уламыштарга карабастан, Байтик баатыр күнтуу биртуугандарын артыкча жакшы көргөн экен. Мисалы, Базаркул болуш күнтуу элин Тогузторого жаңы болуштук түзүү үчүн көчүрүп кеткенде, Байтик баатыр күнтуунун жетимсиреген айылдарын айланып буркурап ыйлаганын Апар байбичеси көргөнүн айтышат. Үч жылдан кийин кайтып келген калк дал ошол эле айылдарына жайгашкан, себеби Байтик баатыр башка элди ал жерлерге кондурткан эмес.
  • Байтик баатыр каза болгондо айтылган кошоктон:

Көчүндө тууган элинде, Көк булбулдай сайраган.
Күнтуу менен Канайга, Көгөргөн агын суу элең.
Адам уулу жеткисиз, Аскар тоонун бели элең.
Кас санаган душманга, Каптап кетчү сел элең.

  • Күнтуу эли ар заманда Чүй боорунда болуп жаткан тарыхий саясий процесстерде активдүү аралашып келген. Өз доорундагы атактуу инсандардын ичинен Базаркул болуш, Илебай болуш, Рысбек чечен, Жангазы халфа, Азамат чечен, Сарымсак бий, Сатыбалды бий, Сагымбай бий, Айдарбек Турдин, Толубай молдо жана ушуга окшогондорду атап кетсе болот.
  • Жаңы доордогу инсандар: коомдук ишмер И.Айдарбеков, академик Б.Жамгырчинов, генерал С.Самсалиев, Данк орденинин толук кавалери Х.Исманов, академик С.Табышалиев, генерал К.Кожоналиев, генерал М.Бекбоев, генерал А.Алымкожоев жана башкалар.
  • Ал эми сынчы айткандай, "күнтуу элинин кыздары айырмаланып, акжумал, сулуу, бойлуу жана мүнөздөрү токтоо, кыраакы, өзүнүн аялдык аруулугун сактаган, жашоо түйшүгүнө чымыр" деп мүнөздөлүп келишет.
  • Ошондой эле, күнтуу элинде ат багуу-таптоо адаттары абдан өнүгүп, азыркы күндө ат менен байланыш спорт ойундары эл ичинде башкы орун ээлейт. Мисалы, Шабдан Жантай уулунун ашында жана ушуга окшогон чон кыргыз-казак жыйындарында, күнтуу элинин күлүктөрү биринчи келип баш байгелерди алып турган. Кийин деле, жаны кыргыз аттарын селекциялоо иштеринде күнтуу эли атактуу күлүк-аргымактарын берип бул ишке өзүнүн чон салымын кошкон.
  • Азыркы күндө кунтуунун тукумдары, чыгаан уул-кыздары Кыргызстандын ар түрлүү тармактарында, өнөр-жай, медицина, аскер жана коопсудук кызматында иштеп көптөгөн жетишкендиктерге жетишкен.

Күнтуу элинен чыккан белгилүү инсандар түзөтүү

Күнтуулар жөнүндө түзөтүү

- Күнтуу элинин тарыхын, жашоо-турмушун биринчилерден болуп кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев "Бала Кутуйан" романында чагылдырган.
- Жалпы солто, күнтуу жөнүндө жазуучу Айылчы Токтогуловдун "Мезгил сапары" романында айтылган.

- Шаршен Термечиковдун батасынан: "О жараткан! Жалгай турганың чын болсо - жалпы кыргызга берегөр, жалпы кыргызга! Анын ичинде - солтого берегөр, солто ичинде - күнтууга берегөр, күнтуунун ичинде - токбайга берегөр, токбайдын ичинде Шаршенге берегөр!"

- Балдардын чикит ойунунан: “Акпай, Токпай, Ата-энеси жок бай, Карамерген, Кашка тай, Кулду кулду кулдубай, Кутуруп кеткен Дандыбай, Катыны өлгөң Боронбай”.

- (Акыя айтуудан): Менин атам сурасаң Арчалыга жайлаган. Сенин атаң сурасам Арпа ташып куураган.

Кызыктуу түзөтүү

  • Казактын Ұлы жүз Дулат элинин Шымыр уруусунун ичинде Күнту деген уруу бар (Жамбыл областы).
  • Казак аймактык сөздүгүнөн: КҮНТУУ (Орал, Шыңғ.) күн шығу (күн чыгуу; күн жаңы көтөрүлүп-көтөрүлбөй турган маалы).
  • Көнөк жайлоосу.

Шилтемелер түзөтүү