"Чагылган уурусу" (англ. The Lightning Thief) — грек мифологиясына негизделген фэнтези окуялар романы. 2005-жылы жарык көргөн жаш америкалык жазуучу Рик Риордандын алгачкы чыгармасы. Бул Перси Жексон жана олимпиалыктар сериясындагы биринчи роман. Анда азыркы замандагы 12 жашар Перси Жексондун окуялары сүрөттөлөт. Апасы кадимкидей аял, ал эми атасы грек кудайы Посейдон экенин, натыйжада өзү жарым кудай бала болгонун билип калат. Перси жана анын достору Аннабет Чейс жана Гровер Андервуд кудайлар Зевс, Посейдон жана Хейдстин ортосундагы согуштун алдын алыш үчүн тапшырма боюнча барышат.

"Чагылган уурусу" 2005-жылы июнда Hyperion Books for Children компаниясына караган Miramax Books тарабынан басылып чыгарылган. Китеп кийинки төрт жыл ичинде 1,2 миллиондон ашуун нуска менен сатылган. The New York Times гезитинин балдардын бестселлери тизмесинде пайда болуп, Жаштар китепканасы бирикмесинин "Жаштар үчүн мыкты китептер" тизмесине кирген жана башка сыйлыктарга татыган. Ал "Перси Жексон жана олимпиалыктар: Чагылган уурусу" аттуу тасмага ылайыкташтырылып, АКШда 2010-жылдын 12-февралында көрүүчүлөргө сунушталган. Бул романдын уландысы "Макулуктардын деңизи" деп аталат. Китеп Goodreads порталында 5 упайлык баалоо боюнча 4.22 рейтингге ээ.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү