Чанач Пачата суусунун оң куймасы. Чаткал кырка тоосундагы аты окшош ашуудан башталып, түштүк-чыгышка агат. Узундугу 48 км, алабынын аянты 135 км. Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2600м. Чаначтын алабы кууш келет(өрөөнүнүн узундугу 40 км,туурасы 10 км). Чанач капчыгайы аркылуу шар агып,Акбашат тоосу туштан өткөндө жайылып кетет. 10го жакын куймасы бар. Өрөөнгө агып чыккандан кийин Ак там кыштагынан 12км төмөн Пачатага куят. Негизинен кар,жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Эң көп чыгымы июнда(7,90 м3/сек), эң азы мартта (0,61 м3/сек) байкалат. Жылдык орточо ыгымы 1,76м3/сек. Чаначтын суусу өрөөнгө чыкканда бир нече сугат каналдарына бөлүнүп кетет.

Чанач
Мүнөздөмө
Узундугу 48 км
бассейндин аянты 135 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2