Чаначсай суу сактагычыАла-Бука районунда. Чанач суусунун нугунда 1989-жылы курула баштап, 1999-жылы аяктаган. Оодандын борбору - Алабука кыштагынан 20 чакырым, дубандын борбору – Жалал-Абад шаарынан 206 чакырым. Сыйымдуулугу 1600миң м; суу бетинин аянты 190миң м, узундугу 0,63 чакырымга чейин, эң жазы жери 0,35 чакырым, эң терең жери - 20 м. Плотинасынын узундугу 324 м, бийиктиги - 20м. 5651 га жер сугарылат. Суу сактагычты куруунун 2-этабында анын плотинасынын бийиктиги 40мге, сууга сыйымдуулугу 8-9 млн метрге жеткирилмекчи.