Чаңгет

Кыргызстандын Өзгөн районундагы айыл
Чангет, Өзгөн району‎»‎ барагынан багытталды)

ЧаңгетКыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Чаңгет айыл аймагына кирет. Чаңгет айыл аймагы эки айылдан турат. Чангет айыл өкмөтү райондун борборунан 45 километр алыстыкта, түштүк баштыш тарапта, деңиз денгээлинен 1850 метр жогоруда орун алган, аймагы 12909 га.

Айыл
Чаңгет
Өлкө

Кыргызстан

Облус түрү

облус

Облус

Ош облусу

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

3977[1] (2024)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

    2004-жылы 19-мартта  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  Эл  өкүлдөр  жыйыны  тарабынан  № 38  Указынын  негизинде  Өзгөн  районунда  Чангет  айылдык  кеңеши  түзүлүп,  анын  составына  Ийри-Суу  айыл  кеңешинен  Чангет, Өстүрүү  калк  жашаган  пункттары  өткөрүлүп  берилген.
        Чангет  айыл  өкмөтү  болуп  2004-жылы  уюшулган.

Айыл өкмөтү боюнча 2 калктуу пунктта 626 кожолукта 3977 калк жашайт. - Кыргыздар 100% - өзбектер, түрктөр жана башка 0% - жумушка жарактуу калк - 161 пенсионерлер - согуш ардагерлери жок - 37 майыптар - 34 кожолук калктын жакыр катмары - 148 аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул алуучулар

   Айыл  өкмөтүнүн  аймагында  2 орто  билим  берүүчү  1 негизги  жалпы  билим 
   берүүчү  мектеп  бар:
Мектептерде    858   уул- кыздар  билим  алышат.

Мугалимдердин саны 72 Маданият үйү - 1 4 кызматкери бар Спорт зал - 1 Бала бакча - 1 10 кызматкери бар

   Медициналык  тейлөө:

2 ФАП бар, 7 кызматкер эмгектенет

  Соода  сатык  жана  башка  тейлөөчү  түйүндөр:

Күндөлүк керектелүүчү товарлар менен камсыз кылуучу 1 магазин, 7 дүкөнчөлөр бар. электро трансформаторлор -13 даана, 1 тегирмен бар иштебейт 1 вет сервис бар.

   Коомдук  жана  өкмөттүк  эмес  уюмдар: 

1 почта, 9 мечет.

   Мал  чарбасы:

Бодо мал- 2485, кой эчки- 7855, жылкы- 822, Үй канаттуулар- 5675.

   Жер  аянттары:

Баардык жер 4304, 514 га кайрак, 1117 га чөп орок үлүшкө берилген жер.

  КБФ  нун  жерлери:

Баардык жер 705 га анын ичинен сугат жок, кайрак 184 га, чөп орок 521 га, жайыт 4200 га.

 Техникалар:

Жүк ташуучу авто машина 75, трактор- 8, жеңил машина 102.

 Чангет  айыл  өкмөтүндө  2  афган  согушунун   жана  Чернобль  апаатынын  1 катышуучусу  бар.

Абдибаев Акматали, Исаев Сайдилла, Мажитов Ажимамат.

Чаңгет айылдык кеңешинин депутаттары: Бусурманкулов Бакытбек төрага Оморбекова Мастүракан Калжанова Гүлайым Абдуллаева Райкан Абдыжапар уулу Маданбек Зулпукаров Замирбек Байназаров Салмоорбек Койчубаева Дамира Абазов Жаанбай Айтали уулу Орозбек Күрөңов Алтынбек


Түзөтүү, толуктоолорду киргизген: Айталиев Барсбек Кылычбекович

Калкы түзөтүү

Калкы ― 1828 киши (2009-жылы)[1].

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.