Чандалаш - Сандалаш – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы суу. Чаткал суусунун оң куймасы.

Чандалаш
Мүнөздөмө
Узундугу 94 км
бассейндин аянты 1 157 км²
Суу чыгымы 11.7 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Ала-Бука району
Чандалаш суусу.

Узундугу 94 км, алабынын аянты 1157 км2. Талас Ала-Тоосунун түштүк капталындагы көлдөн башталат. Башкы агымында «Чакмак» деген ат менен түштүккө, андан кийин түштүк батышка карай агат.

Ири куймалары: Кара-Жаңырык, Эшек-Өлдү, Тегирмен-Сай, Чон Сандык, Кайың-Суу ж. б. Жылдык орточо чыгымы чатында 11,7 м3/сек; эң көп чыгымы июнда (30,1 м3/сек), азы мартта (2,8-2,9 м3/сек). Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Жээгинде Коргон-Дөбө кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү