Чаткалитминерал, Cu6FeSn2Sg. Кошундулары: Ag, Zn, Mo, Sb, As.

Алгач Чаткал - Курама бүктөлуу облусунда (Курама кырка тоосундагы Күч-Булак алтын кенинде, Өзбекстан) табылгандыктан Чаткалит деп аталган. Ал сульфиддүү кварц тарамдарындагы тетраэдриттин арасында өлчөмү 0,1 мм келген бүртүкчө түрүндө, пирит, хемусит, касситерит, халькопирит, галенит, сфалерит, гессит ж. б. менен бирге кездешет. Катуулугу 4,5, тыгыздыгы 5 г/см3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4