Чатыр-Көл заказниги
Чатыр-Көл заказниги – Атбашы районундагы мамл. аңчылык заказниги.
Чатыркөлдүн акваториясын ээлейт. Торугарт ж-а Атбашы тоолорунун ортосу. Аянты 190 миң га. Кыргыз Респ-нын Кызыл китебине кирген, сейрек учуроочу ж-а жоголуп бараткан тоо казы (маңка каз) ж. б. сууда сүзүүчү куштарды коргоо максатында 1972-ж. уюшулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2