Бул — азем буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма көчөтү сымал алмаша чегеленет. Чач кептин учу төкмө чачыланат. Анан бой тумар сыяктуу төрт чарчы чач кептин туура эниндей күмүш тактача кадалат. Анын бети оймо-чиймеленип кетет. Андан өйдө көркөм калыптан чыккан, же кайчыланып жасалган жука жана майда шөкөттөр үч-төрт катар аземделе чөгөрүлөт. Чач кептин башына кайрадан жазы тактача күмүштөр бекитилет да, анын өзүнчө кооздугу бар. Орточо чачкаптын узундугу — 40—50 см дей, туурасы 15 см дей келет да, «аркалык» деп күмүштөн чабылган көркөмдүктү аягына тагат. Анын өйдө жагы төрт каттала узунунан шуруланат. Андан өйдөсүнө чегеленген («чеге» деген «чегелөө» дегенден чыккан) кооздук менен седептер орун алат да, өйдө жагы чачка тагылат. Чач каптын үч чогунун узундугу беш см дей келип, шурулана чачыланат.


Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)