Чач түшүү - чачтын кескин суюлушу же баштын айрым жеринин (же бүтүндөй) такырланышы.

Чач түшүү (Патрик Стүарт‎, 2004-жыл).

Кары кишилерде Чач түшүү алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша теринин өзгөрүлүшүнө байланыштуу жана чачтын агаруусу сыяктуу эле физиологиялык көрүнүш. Эрте Чач түшүү бардык эле курактагы адамдарда кезигет. Ал өзгөчө ден соолуктун бузулушуна байланыштуу болот. Мында чач, каш, кирпик, сакал, мурут жана колтук жүндөрү түшөт. Мындай Чач түшүүгө негизинен себорея оорусу себеп болот. Өзгөчө балдарда айрым жугуштуу оорулардан (грипп, безгек, дизентерия жана башкалар) кийин, витамин жетишсиздигинде (өзгөчө А, С, В1, В6), ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында байкалат. Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда экзамен учурунда чач күчөп түшөт. Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, чачты асемдеп тараганда чач көбүрөөк түшөт. Эркектерде эрте Чач түшүү көп байкалат, адегенде маңдай жана төбө чачы, кийинчерээк чачынын баары түшөт. Мындай Чач түшүү көбүнчө бир туугандарда байкалат жана баш терисинин тукум куума өзгөчөлүгүнө (калыңдыгы, кан менен камсыз болушу) байланыштуу болот. Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу (тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башкалар өнөкөт инфекциядан) себеп болот. Анда капысынан 15-20 тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат. Такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүндө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт.

Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Дарылоо Чач түшүүнүн себебине жараша жүргүзүлөт. Адатта Чач түшүүгө себеп болгон негизги ооруну таап дарылаганда чач калыбына келип өсө баштайт. Жеткиликтүү, витаминдүү (өзгөчө А, С, В) тамактануу, ден соолукту чыңдоо, убагы менен сейилдөө, таза абада эмгектенүү, чачтын калыбына келүүсүнө, туура өсүүсүнө түрткү берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8