Чек ара, географиялык - бир же бир нече маанилүү белги боюнча айырмаланып, жанаша жаткан мейкиндик түзүмдөрдү (көпчүлүк учурда геогр. райондордорду) бири-биринен бөлүп туруучу сызык, тилке.

Мааниси боюнча Чек аралар бөлгөн түзүмдөргө карата ландшафттык, экономикалык, этникалык, саяеий-адм. ж. б. болот. Формасы боюнча кескин (мис., мамлекеттик Чек ара) жана кескин эмес (ландшафт, экономикалык район ж. б. Чек аралар). Кескин эмес ч. а-лар көбүнчө тилке болот. Чек аралардын негизги функциясы: барьердик (кыйындык менен өтүлүүчү бөгөт, мамлекеттик Чек ара ж. б.) жана контакттык (Чек арага чектеш экономикалык райондор ж. б.). Чек араларды аныктоо аймакты райондоштуруунун маанилүү жыйынтыгы. Мамлекеттердин геогр. Чек аралары өзгөчө укуктук режимге жана делимитация (белгилөө), демаркация (бекитүү) тартибине ж. б. ээ, к. Мамлекеттик чек ара.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4