Чечкор – дыйканчылыкка байланыштуу ырым. Эгин оруп-жыйылып, кырман сузарда дыйкан майда жандыктан (кой-козу, эчки-улак) сойгон. Малды эгиндин үстүнө коюлган күрөктүн бетине мууздап, этин бышырып, элди чакырып тамак берген. Бул ырым түздөн-түз дыйканчылыкка байланышып, жаандын убагында жаашын, түшүмдүн мол болушун дыйканчылык кудайынан өтүнүүнү билгизген.
Кыргыз элинин күркүрөгөн күздө эгин бышып, орулуп, темин бастырылып, кырман сузарда (эгин сапырууда) өткөрүүчү түшүм майрамы.
Бул күнү таза кийинишип, тазаланган данды кырманга додолоп үйүп, саманын бөлүп, кырманды тазалашкан. Андан кийин төмөнкүдөй ырым-жырымдарды жасашкан.
Кырман ээси додолонгон кызылдын үстүнө чыгып, жыгачтан жасалган чен идиш менен ортосунан сузуп алып, үйүлгөн данды тегерете сээп чыгат. Андан кийин үйүлгөн кызылдын орто ченинен жыгач күрөктүн сабы менен оӊ жагын көздөй туурасынан чиет. Бул Баба дыйкан менен Кыдыр аке келсе, кызылды айлана ушул чийин менен басып береке берсин деген тилеги. Андан соң үйүлгөн кызылдын чокусу аркылуу бел сызыгына чейин кесилишкен эки чийин түшүрөт. Анан кызылдын кыбыла тарабындагы бөлүгүнө чен идишти матырып, күрөктү, айрыны жана шыпыргыны сайып коёт. Кырман ээси дандан толтура сузуп, өзүнчө жерге төгөт, бул бей-бечераларга берилет. Андан кийин кызылдын жанына күрөктүн бетине бир жандык мууздап (кой-козу, эчки-улак), канын кырманга чачып, күрөк, айры, шыпыргыга сүйкөшөт. Этин ошол жерден бышырышып, кошуна-колоӊдор чогулуп жешет. Кырманды түнгө калтырып, эртеси ташып кетишет.
Чечкор учурунда кырманга ит келсе кубалашпайт, жылан келсе ак чачып кетиришет. Ушул учурда кырманга келген киши "Чечке береке!" деп айтат.
Бул майрам алынган дандын берекесин берсин, токчулук, молчулук кошо келсин деген тилектери. Майрамга катышкандар тилек ырларын ырдашат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.