Чеч-Дөбө"Манас" эпосундагы топоним, эпостун мазмуну боюнча жердин жана суунун аты. Бул суунун боюнда Кара-Тоонун этегинде коргон менен курчалган Кошой балбандын ордосу жайгашкан. Ошондой эле Ч.-Д-гө Чоң казатта окко учкан Алмамбеттин сөөгү коюлгандыгы жана ал жер "Алмамбет мазар" аталары эпостун өзүндө эскерилет. Чеч-Дөбө суусу Ат-Башы, ал эми Кошойдун ордосу азыркы күнгө чейин Кошой коргон деп аталат. Ат-Башы жердин, суунун, айрыкча чептин аты катарында 9—10-кылымдан бери белгилүү. Кошойдун ордосу жайгашкан. Ат-Башы чеби Ферганадан Барсханга кеткен соода жолунан орун алган.

Чыгыш тилдеринде жазылган китептерде Караханий, моңгол, Моголистан жана калмак доорунда Ат-Башы өрөөнүндө болгон көп тарыхый окуялар баяндалат. Чечен"Манас" эпосунда чагылдырылган социалдык термин:

Бир оокумда козголуп,

Кеп баштады жайма жай

Кой оозунан чөп албас

Коңур чечен Ажыбай (Курама вариант, 1. 228). Бул саптарда Ч. деген термин сөзмөр дегенди туюндуруп турат.

Ч-дин функциясы (аткарган милдети) кенен, алар — бийлик башындагыларга акыл, кеңеш бере ала турган адамдар. Ч. тууралуу маалыматтар 13-кылымдагы тарыхый булактардан кездешет. "Чечен" сөзү түрк тилине (ошондой эле кыргыздарга да) моңголдордон кирген. Моңгол тилинен "сечен" же "цецен" акылман деп которулат. Ал эми моңголдорго бул сөз убагында кытай тилинен кириши ыктымал. Анткени, кытай тилинде акылман деген сөз "сиэнжэнь" деп айтылат.

Ч. акылман, кеңешчи (советник), мамлекеттик адам катары моңгол империясынын убагында кеңири белгилүү болгон. Мисалы, моңголдордун тарыхында Дай-сечен, Жамуха-сечен жана башкалар Ч-дердин ысымдары белгилүү. Моңгол мамлекетинде Ч-дер уруу башчылар болушкан. Б. Я. Владимирцов алардын уруу башчылыкка аксакалдыгы менен эмес, күчтүүлүгү, байлыгы жана башкалар артыкчылык сапаттарга ээ болгондугу үчүн шайланышканын белгилеген. Кыргыздар моңголдор менен карым-катнашта болуп тургандыктан, бара-бара Ч. деген түшүнүк аларга да өткөн. Ошондуктан кыргыз феодалдык коомунда (о. кылымдарда) Ч. деп жөн эле сөзмөр адамды эмес, кандардын, бектердин акылман, колунан көп иш келе турган кеңешчисин айтышкан.

Ч. түшүнүгү моңголдордон кыргыздарга гана эмес, жалпы эле Орто Азия чөйрөсүнө кеңири тараган. Алгачкы мезгилдерде Ч-дин функциясы кенен болгон. Кийинчерек 18-кылымдан баштап Ч. сөзмөр адам маанисине өтүп баратканын Хива каны жана тарыхчысы Абулгази (1643—63) так белгилеп кеткен: "Ойрот элинде Чамуха — чечен деген бир кезде жашап өткөн. Чечен деген эстүүлүк, арабдар чеченди акыл, ал эми тажиктер ба-хиред дешет. Моңголдор менен өзбектерде азыркы убакытта да чечен деп сөзгө бай кишини айтат. Чечен деген сөз ушу күндөргө чейин казак, кыргыз, өзбек, уйгур жана башкалар тилдерде сакталып келе жатат".

Тарыхчы Рашид ад-Дин Ч. адамдын атына кошулган компонент сөз деп эсептеген. Ошентип, Ч. "Манас" эпосу боюнча, жалпы эле кыргыз фольклорунун материалдары боюнча. Орто кылымдарда даанышман, сөзгө чечен, согуш ишин билген акылдуу адамдын маанисин берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4