Чиангмай эл аралык аба майданы (тай. ท่าอากาศยานนานาชาติเชียงใหม่, IATA: CNX, ICAO: VTCC) — Тайландтын Чиангмай шаарынын аскердик учактарды жана коммерциялык аба каттамдарын тейлеген аба майданы[2].

Чиангмай эл аралык аба майданы
тай. ท่าอากาศยานนานาชาติเชียงใหม่

IATA: VTCCICAO: CNX
CNX (Лаос)
CNX
Аба майдандын жайгашкан жери
Кыскача маалымат
Абалы Жарандык жана аскердик
Өлкө  Таиланд
Ээси Таиландтын аскердик-аба күчтөрү
Оператору «Тайландтын аба майдандары» АК
Тейленүүчү шаар Чиангмай, Тайланд
ДД бийиктиги 1036 ft / 316 m
Координаттары 18°46′00″ с. ш. 98°57′45″ в. д.HGЯO
Сайты www.chiangmai.airportthai.co.th
Учуп-конуу тилкелери
Багыты Узундугу Төшөмү
ft m
18/36 3100 асфальт
Статистикасы
Жылдык жүргүнчү агымы 4 491 331
Source: airport website[1].
Чиангмай эл аралык аба майданынын терминалы

Жалпы маалымат

түзөтүү

Өлкөнүн түндүгүндөгү эң ири аба порту жана Тайландтагы тейлеген каттамдарынын, жүргүнчүлөрдүн саны боюнча аба майдандарынын арасында үчүнчү орунда турат. 2010-жылы Чиангмай эл аралык аэропортунда жарандык каттамдар боюнча 17 авиакомпания иштеген, аба майдан 15 миң учактардын учуп-конушун тейлеген, 16 миң тонна ар кандай жүктөрдү кабыл алган жана жөнөткөн. 2010-жылы аба майдандын кызматтары менен үч миллиондон ашык адам колдонгон[3][4][5].

Чиангмай эл аралык аба майданы жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунан (00:00 саат) баштап таңкы саат 05:00 чейин учактарды кабыл алуу үчүн жабык.

2008-жылы Тайландтагы саясий кризис учурунда жана өлкөнүн негизги Суваннапум аба майданы жабылганда, Чиангмай эл аралык аба майданы China Airlines авиакомпаниясы тарабынан Тайбэй менен Европанын ортосундагы каттамдарында жана Swiss International Airlines авиакомпаниясы тарабынан Цюрих-Сингапур каттамдарында транзиттик пункт катары колдонулган.

2011-жылы 24-январда Чиангмай эл аралык аба майданы Thai AirAsia авиакомпаниянын көмөкчү борбору болуп калган.

Инфратүзүмү

түзөтүү

Чиангмай эл аралык аба майданы деңиз деңгээлинен 316 метр бийиктикте жайгашкан. 3100х45 метр өлчөмүндөгү асфальтталган 18/36 бир учуу тилкесин иштетет[6].

Авиакомпаниялар жана багыттар

түзөтүү
Авиакомпания Багытынын пункту Терминал
Air Asia Куала-Лумпур эл аралык
Air Bagan Янгон эл аралык
Bangkok Airways Бангкок (Суваннапум), Пхукет, Самуй ички
Business Air мезгил-мезгили менен: Сеул (Инчхон) эл аралык
China Airlines Тайбэй (Таоюань) эл аралык
China Eastern Airlines Куньмин (Чаншуй), чартер: Шанхай (Пудун), Ханчжоу эл аралык
Dragonair Гонконг (Чхеклапкок эл аралык
Juneyao Airlines Шанхай (Пудун) эл аралык
Kan Air Пай, Пхитсанулок, Мэхонгсон, Нан, Кхонкэн ички
Korean Air Сеул (Инчхон) эл аралык
Lao Airlines Луангпхабанг эл аралык
Nok Air Бангкок (Дон Мыанг), Мэхонгсон, Удонтхани, Мэсот, Хатъяй ички
Nok Air чартер: Чэнду эл аралык
Orient Thai Airlines Бангкок (Дон Мыанг) ички
Silkair Сингапур (Чанги) эл аралык
Thai AirAsia Бангкок (Дон Мыанг), Хатъяй, Пхукет ички
Thai AirAsia Макао эл аралык
Thai Airways International Бангкок (Суваннапум) внутренний
Thai Smile Бангкок (Суваннапум), Пхукет ички
TransAsia Airways мезгил-мезгили менен: Тайбэй (Таоюань) эл аралык

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү