Чигилдер, жикилдер – түркий тилде сүйлөгөн байыркы уруулардын бири. 8–10-кылымда Карлук кагандыгына кирген. Ысык-Көлдүн түштүк калаасы менен түндүк-чыгыш аймагын ээлеген. Бир бөлүгү Талас суусунун боюнда жашашкан. Көчмөн мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен, соода-сатык да мыкты өнүккөн. Шаарлары: Барскан, Синкуль жана башка. Борбор шаары Яр – Ысык-Kөлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Чигилдер айрыкча 10-к-дын 2-жарымында дүркүрөп өсүп, түркий тилдеги башка уруулар менен биригип, 940-жылы Караханийлер династиясын түзүшкөн. Бугу уруусунун манабы Боромбайдын 1856-жылы А.Семеновго берген маалыматы боюнча чигилдер – азыркы бугу уруусунун түпкү ата бабалары. Орто кылымдарда Мавераннахрда саясий күрөшкө активдүү катышышкан.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.