Чигучен – кызыл өрөөндөр шаары. Чигу (Чигучен-Кытай булактарында) – «Ысык-Көл Атлантидасынын», байыркы шаарларынын бири – Борбордук Азиянын чыгышынан келген усундардын башкы ордосу. Бул сөздүн котормосу – Кызыл өрөөндөгү шаар. Биздин заманга чейин 2 кылымда усундар Теңир-Тоону басып алышкан, ал эми алардын башкы башкаруучусу Ысык-Көлдөгү сактардын мурунку ордосун ээлеп алышкан. Ушул учурда Чигуга белгилүү Кытай саякатчысы жана Улуу Жибек жолун биринчи жолу ачкан Чжан Цянь келген, анын ортомчулугу аркылуу 2200 жыл мурда Теңир-Тоонун тургундары менен Хань мамлекетинин ортосундагы мамилелер түзүлгөн.

Чигу көчмөндөрдүн шаары болгон. алар мында кийиз боз үйлөрдө жана сүйрөмө үйлөрдө жашаган. Чжан Цяндын саякатынан кийин Кытай менен байланыш түзүлгөндөн баштап усун мамлекетинин өкүмдарлары Кытайдын башкаруучу династиясынын кыздарын аялдыкка ала башташкан жана шаарда алар үчүн кытай стилиндеги үйлөрдү курушкан.

Чигуну табууга биринчи аракет 19-кылымда эле башталган. Акыркы жылдардагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул шаар Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын этегинде жайгашкан деген гипотезаны берди. Суунун астында шаардын негизги бөлүгүнүн калдыктары жатат. Анын жашоочулары дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Биздин замандын башында көлдүн суусу көтөрүлө баштап, шаарды көмүп калган. Бирок суу астында сүзүү үчүн атайын жабдуулар пайда болгондон кийин гана бул иш жүзүнө ашкан. 1959-ж. Ысык-Көлдүн суусу биринчи жолу Д. Ф. Винниктин суу астындагы археологиялык экспедиция тарабынын изилденген. Ошондон баштап көп жылдардан бери көлдөгү иштер академик В.М.Плоскихдин жетекчилиги менен жүргүзүлүүдө. Көптөгөн кызыктуу табылгалар табылган; акырындык менен Чигучен өзүнүн сырын ачып берүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010