Чийме геометрия - геометриянын бөлүмү; мында мейкиндик фигураларынын тегиздиктеги сүрөттөлүшү жана ошол сүрөттөлүштүн жардамы менен мейкиндиктик маселелердин тегиздикте чыгарылышы изилденет.

16-17-кылымда эле Чийме геометриянын кээ бир идеялары иргелип чыкса, инж. практиканын талабынын өскөнүнө байланыштуу 18-кылымда өз алдынча илим болуп белгиленген. Мейкиндиктеги фигураларды тегиздикте чийип көрсөтүү муктаждыгы ар түрдүү практикалык маселелерди чечүүгө байланыштуу келип чыккан. Айрыкча берилген фигураны тегиздикке проекциялоо методу менен алынган чиймелер чоң мааниге ээ.

Проекциялык чиймелер төмөнкү талаптарды канааттандырууга тийиш:

  • 1) мейкиндиктеги фигуранын чиймеде ачык, так көрсөтүлүшү;
  • 2) чийме боюнча көрсөтүлгөн фигураны так аныктоо мүмкүндүгү;
  • 3) талап кылынуучу түзүүлөрдүн аткарылышынын жөнөкөйлүгү;
  • 4) графикалык чыгарылыштардын тактыгы.

Чийме геометриясында көбүнчө параллель проекциялоо методу пайдаланылат. Чиймеде фигуранын «көрүнбөгөн» сызыктары шарттуу түрдө пунктир сызык менен көрсөтүлөт. Комплекстик чиймеде мейкиндиктеги фигуранын «алдыдан көрүнүшү» (фронталь проекция), «үстүнөн көрүнүшү» (горизонталь проекция) жана «сол жагынан көрүнүшү» (профиль проекция) деп аталган үч проекциядагы сүрөттөлүшү берилет. Ошентип, Чийме геометриясында проекциялык чиймелерди түзүүнүн ыкмалары, мейкиндиктеги фигураларга тиешелүү геометриялык маселелерди чыгаруу, техниканын теориялык жана практикалык маселелерин изилдөө ж. б. каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4