Чирик
Чирик
1) өсүмдүк организминин мите козу карын жана бактериялардын таасиринде бузулуусу. Анда клетка аралык органикалык заттардын, клетка кабыгынын, клеткадагы заттардын (мис., клетчатка ж. б.) жарым жартылай минералдашуу процесси жүрөт. Ошондой эле өсүмдүк тканы менен клеткалары ажырап (мецерацияланып), клетка,ткань жана органдарынын функциясы бузулат же такыр токтойт. Өсүмдүктүн жалбырагы, гүл бүчүрү, мөмөсү, түймөгү, азык тамыры, тамыры жана сөңгөгү чирийт;
2) өсүмдүктүн чирүү процесси менен мүнөздөлүүчү илдеттеринин аталышы. Илимий-өндүрүштүк практикада этиол.
Чирик (чирүү процессинин козгогучтары боюнча) жана өсүмдүк өстүрүүдөгү Чирик (жабыркаган органы) болуп бөлүнөт. Этиол. классификация боюнча мите козу карын жана бактериялар пайда кылган Чириктер чарбага өтө чоң зыян келтирет. Козу карын пайда кылуучу Чирикке ботридиоздор (картошканын, беденин, тамекинин, кене дандын, бакча өсүмдүктөрүнүн, күн караманын ж. б-дын боз Чириктери), еклеротиниоздор (жер жаңгак, күрүч ж. б-дын Чириктери), фузариоздор (картошка түймөгүнүн, күздүк буудайдын тамырынын Чириктери ж. б.), ризопиоздор (кене дандын жана гозо буласынын кара Чириги, мөмө-жемиштердин кара кебер Чириги ж. б.), питиоздор (картөшкө түймөгүнүн суулу Чириги ж. б.) - коллитотрихоздор (кызыл өрүк, айва, чие, алмуруттун ачуу Чириги), аспергилездор (пияз, сарымсак ж. б-дын кара Чириктери) ж. б. Ошондой эле бактериялар пайда кылган Чириктер да өтө зыяндуу. Аларга картөшкөнүн күрөн жана былжыр, жашылчанын былжыр Чириктери, тамеки сабагынын Чириги, түстүү капустанын Чириктери кирет. Мындай Чириктер өсүмдүктү эрте соолутуп, чоң зыян келтирет. Каршы күрөшүү чараларына өсүмдүктүн өсүүсүнө жагымдуу шарт түзүү, жабыркаган осүмдүктүн калдыгын дароо тазалоо, пестицид чачуу, түшүмдү өз учурунда жыйноо, өсүмдүктөн алынган продуктуларды туура сактоо кирет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4