Чирче, итконок (лат. Setaria) – дан өсүмдүктөр тукумундагы уруу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагынын бийикт. 4-50 см, жалгыздан кээде 4-5 сабак бирге өсөт. Жалбырагы ичке. Топ гүлү шыпыргыдай, калемчедей. Машагында майда түктүү Ч. топтолот. Жер жүзүндө 120га жакын түрү Европада, Азияда, Африкада кездешет. Кыргызстанда 3 түрү айдоо аянтта, огороддо, жол боюнда отоо чөп катары өрөөндөн тартып бөксө тоолорго чейин таралган. Жаш Ч. малга тоют. Данын үй канаттуулары жейт.

Setaria palmifolia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү