Рейна Чокоева
Чокоева Рейна (13-июль 1938-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул району, Үч-Терек айылы) - кыргыз балет артисти, актриса, театр ишмери.
Рейна Нурманбетовна Чокоева | |
Туулган жылы: |
13-июль 1983-жылы |
---|---|
Туулган жери: |
Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылы |
Ишмердүүлүгү: |
Балет артисти, актриса, театр ишмери |
Жарандыгы: | |
Театр: |
Өмүр баяны
түзөтүүАнын бийге болгон каалоосу эрте ойгонгон. Орто мектептин 2-классын аяктаганда Рейна Чокоева башка таланттуу балдардын катарында Ленинграддагы А.Я. Ваганова атындагы академиялык хореографиялык окуу жайына кабыл алынып, аны 1956-жылы ийгиликтүү аяктаган. Р.Чокоева окуп жүргөндө эле кесипкөй сахнага чыга баштаган. Мисалы, 10-11 жашында алгач Киров театрындагы (азыркы Мариинский театры) “Шурале” спектаклинде бийлеген. Ал эми ошол эле театрдын сахнасындагы балетте Р.Чокоева белгилүү балериналар Вечеслова, Балабина, Войшистерге өнөктөш болуп калган. Жаш балеринанын дипломдук иши “Ак куу көлү” балетиндеги атактуу па-де-де (Кара куу – Одиллия) болгон, мунун өзү бүтүрүүчүнүн жогорку чеберчилигинен кабар берет.
1956-жылы август айында Рейна Чокоева окуусун аяктагандан кийин мекени Фрунзеге кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын тобуна кабыл алынат. Көп өтпөй, ага жеке, андан кийин негизги партияларды ишенип бере башташат. Маселен, “Ак куу көлү”, “Уйкудагы сулуу”, “Жизель”, “Дон Кихот”, “Корсар”, “Баядерка”, “Чолпон”, “Куйручук”, “Спартак”, “Ромео жана Жульетта”, “Жер эне”, “Асел” балеттеринде башкы партияларды аткарган. 1956-79-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенген
1957-жылы "Чокоевдер үй-бүлөсү" фильминде катышкан (реж. И. Герштейн)
1959-жылы Р. Чокоева “Чолпон – Таң жылдызы” (“Ленфильм” студиясы) фильмбалетинде Чолпондун башкы ролун аткарган. Бул тасма кырктан ашык өлкөдө ийгиликтүү көрсөтүлгөн.
К. Молдобасановдун «Саманчынын жолу» балет-ораториясында Толгонайдын партиясын аткарган үчүн 1976-ж. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты болгон.
Р. Чокоева СССРдин мыкты балет сахналарында бийлеген: Чоң театрда, Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы театрда, Киров атындагы театрда, ошондой эле Рига, Ташкент, Алматы, Душанбе, Ашхабадда бийлеген. Ал маалдаатагы алыска жетип калган балерина Советтер Союзунда жана чет өлкөлөрдө (Румыния, ГДР, Канада, Сирия, Монголия, Чехословакия, Дания, Бельгия, Болгария, Швеция, Италия, Куба) ийгиликтүү гастролдордо болгон.
Р. Чокоева педагогдук ишмердүүлүк менен көп жана үзүрлүү эмгектенген. 1979-жылы М.Күреңкеев атындагы Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хореографиялык бөлүмүн жетектеген. 1980-жылы анын жигердүү иш-аракети менен бул кафедра Фрунзе хореографиялык окуу жайына айланган. Ал эми Р.Чокоева бул окуу мекемесинин биринчи директору болгон. 1980-86-ж. директору болгон. 1985-90-ж. Москвадагы A. В. Луначарский атындагы театралдык институтунда окуган. 1990-95-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында педагог-хореограф, 1995-2008-ж. Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору, 2008-10-ж. методист-хореограф болуп эмгектенген.
Негизги партиялары
түзөтүү- Чолпон (М. Раухвергер, «Чолпон»)
- Одетта, Аврора (П. Чайковский, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу»)
- Жизель, Гүлнара (А. Адан, «Жизель», «Корсар»)
- Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот»)
- Сари (К. Караев, «Чыйыр жолдордогу добуш»)
- Асел (В. Власов, «Асел»)
- Зейнеп (К. Молдобасанов, «Куйручук»)
- Паскуала (А. Крейн, «Лауренсия»)
- Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана»)
- Мария (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»)
- Эгина, Фригия (А. Хачатурян, «Спартак»)
- Одиллия (“Ак куу көлү”)
- Аврора (“Уйкудагы сулуу”)
- Фригия (“Спартак”)
- Никия (“Баядерка”)
- Мария (“Бахчысарайдын фонтаны”)
- Раймонда (“Раймонда”)
- Китри (“Дон Кихот”).
Наамдары жана сыйлыктары
түзөтүү- Кыргыз ССРинин эл артисти (1967)
- Театралдык искусство жаатында СССР улуттук премиясы (1976)
- Эл аралык Ч. Айтматов атындагы сыйл. лауреаты (1995)
- Эмгек Кызыл Туу ордени
- «Ардак Белгиси» ордени (1-ноябрь 1958-жылы)
- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы
- III даражадагы Манас ордени (26-январь 2003-жылы)
- РФтин «Достук» ордени (17-октябрь 2003-жылы)
- профессор (2003)
Үй-бүлөсү
түзөтүү- Күйөөсү — Миңжылкыев Болот Абдуллаевич
- Уул баласы — Миңжылкыев Мирад Болотович, кинорежиссёр, жазуучу
- Келини — Миңжылкыева Азиза Умаровна, балет артисти. Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген артисти
- Небереси — Айжан Мирадовна Миңжылкыева- внучка.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Шилтемелер
түзөтүүhttps://kyrgyzballetschool.kg/ru/figures/chokoeva(жеткиликсиз шилтеме)
http://operaballet.lg.kg/chokoeva_ind.php Archived 2022-02-11 at the Wayback Machine