Чокоева Ырыскелди Койчубаевна

Чокоева Ырыскелди Койчубаевна (20. 3. 1963-ж. туулган Суусамыр кыштагы) - тажрыйбалуу педагог.

  • Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүргөн (1985).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы Жумгал районундагы Түгөл-Сай орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.
  • Кийинчерээк Суусамыр (1986-91), Тунук орто мектебинде мугалим (1992-99), ошол эле мектепте алгач тарбия, кийин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген.
  • Учурда мугалим болуп эмгектенүүдө.
  • Коомдук иштерге да активдүү катышып, аймактык шайлоо комиссиясынын 7 жолу төрайымы болуп шайланган.
  • Суусамыр өрөөнүндө мектептер аралык өткөрүлгөн «Кыз-жигит», «Жаш талант», «Татына кыз», «Мырза жигит» конкурстарынын уюштурулушуна дайыма көмөк көрсөтүп, салым кошуп келген.
  • 1999-ж. Тунук орто мектебинде «Тынчтык» уюмун түзүп, көптөгөн кечелерди өткөргөн.
  • 2005-ж. Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9