Чоку Бий, Жакып Молдо Жанболот уулу, Бала БийЖалал-Абад аймагынан чыккан кыргыздын белгилүү тарыхый инсандарынын бири.
Ал 16 жашында Кандын коргону деп аталган жайга сейилге келген Мадали хандан бий наамын алган. Ошондон кийин ал «Бала бий» деген да атка конгон. Маалыматтарга караганда Чоку бий 1865-жылы Ташкендин жанында М. Г. Черняев менен болгон согушта Алымкул аскер башынын кошуунунда, кийин 1873–74-жылы Мамыр Мерген уулунун, Полот хандын көтөрүлүштөрүнө катышкан.
Кезегинде Кокон ордосунун ири саясатчылары менен байланышып иш туткан Чоку бий Чаңгет өрөөнүндөгү, Зергер, Ийрисуу аймактарындагы элди ордо оюндарынан алыс кармап келгендиги, ыркы жокторду ынтымакка, бейкуттукка чакырып жүргөндүгү маалым.
Бейкүнөө элдин запкы жеп калышынан чочулаган Чоку бий өзүнүн таасириндеги айылдарды 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнө катыштырбай аман сактап калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү