Чолпон-Ата курортуЫсык-Көл облусундагы климаттык-бальнеол.-баткак м-н дарылоочу курорт; Чолпоната ш-нда, Бишкектен 250 км чыгыш, Каракол ш-нан 150 км батыш тарапта жайгашкан. Ысык-көл курорт зонасына кирет.

Ысык-Көлдүн жээгинде, 1640 м бийиктикте. Климаты мелүүн континенттик. Кышында тоңбогон Ысык-Көлдүн таасиринен кышы жылуу, жайы серүүн. Январдын орт. темп-расы –2,8°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 260 мм; негизинен жайында түшөт. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 68%. Жылына 2800 с өлчөмдө күн тиет. Бриз шамалы мүнөздүү. Абасы таза ж-а кургак. Мында абанын темп-расы, атмосфералык басым ж-а салыштырма нымдуулук кескин өзгөрбөгөндүгү климаттык терапияга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Климаттык шартынан сырткары Ч. к-нда туздуу көл суусу, жер астынан чыккан минералдуу суулар (к. Чолпоната минералдуу суусу), о. эле Чолпоната булуңунун сульфиддүү дары баткактары (к. Чолпоната баткак кени) пайдаланылат. Курортто 9 д арылоо-ден соолукту чыңдоо мекемеси (2 санаторий, 2 профсоюздук эс алуу үйү ж-а ар кайсы ишканалардын пансионаттары; бардыгы 4000 орундуу) бар. 1965-жылдан «Көгүлтүр Ысык-Көл » санаторийи иштейт (1150 орундуу). Санаторийде жүрөк-кан тамыр ж-а нерв, өпкө (учуктан башкасы) ооруларын дарылайт. Анда минералдуу суу ж-а баткак м-н дарылоочу жайлар, аэросолярие, климат-терапиялык павильон, кышында сууга түшүүчү бассейн (көлдүн суусу м-н толтурулат), физиотерапиялык бөлүм бар. О. эле укалоо, айыктыруучу гимнастика ж. б. чаралар жасалат; терренкур маршруттары белгиленген. Санаторийдин дарылоо-диагностикалык базасы суткасына 2000ден ашык адамды тейлей алат. Санаторийдин аймагында розарий ж-а жемиш багы бар. 1938-жылдан балдарды учуктан дарылоочу «Чолпоната» санаторийи (250 орундуу) иштейт; кумдуу пляжы бар (туурасы 20–70 м). 1961-жылдан «Чолпоната» эс алуу үйү (1000 орундуу) иштейт. Эс алуучуларга Н. М. Пржевальскийдин эстелигине ж-а музейине, табигый кооз аймактарга кызыктуу саякат уюштурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2