Чолпон-Ата мөңгүсүКүнгөй Ала-Тоонун түндүк капталында. Чоң Кемин суусунун жогорку сол куймасы Чолпон-атанын төрүнөн орун алган өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Батышындагы мөңгүнүн уз. 3,2 км, аянты 6,0 км2. Башы деңиз деңгели. 4410 м, этеги 3600 м бийиктикте. Чыгышындагысынын уз. 2,6 км, аянты 5,2 км2; башы 4410 м, этеги 3490 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3980 м. Абляция облусунун аянты 0,8 км2. Каптал мореналары кеңири таралган. «Тилдеринин» этегин мореналар жаап жатат. Мөңгүлөрдөн башталган суулар кошулуп Чолпоната суусун түзөт да, Чоң Кеминге сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү