Чотурова, Бактыгүл
Бактыгүл Чотурова (1955-жылы 29-сентябрда туулган) - заманбап кыргыз акын айымы, журналист, драматург, котормочу.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүАкын Бактыгүл Чотурова Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында 1955-жылы 29-сентябрда туулган.
КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн кийин мугалим, 1990-жылдан райондук «Учкун» гезитинде бөлүм башчы,
1996-жылдан КТРдын «Манас» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинде редактор болду.
1997-жылдан азыркы мезгилге чейин «Кыргыз Туусу» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштейт.
Чыгармачыл ишмердиги
түзөтүүЧыгармачылык ишмердүүлүгү 1972-жылдан башталып, ырлары республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга, кыргыз поэзиясынын антологиясына жарыяланган.
1989-жылы «Кызыл ат» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн.
2003-жылы «Асанкул куудул» китебине түзүүчү автор катары кирген.
Казак элинин таланттуу акыны Шахизада Абдукаримовдун «Көк астындагы каганат» ырлар жыйнагын кыргызчага которгон.
1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2004-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүКызыл ат.–Ф.: Кыргызстан, 1989. («Жүрөк толкуну» коллективдүү ырлар жыйнагы.)
Боз торгой: Ырлар. – Б.: Эркин-Тоо, 1998. – 132 б.
Асанкул куудул: Проза. – Б.: Бийиктик, 2003. – 201 б.
Сагыныч: Ырлар.– Б.: Бийиктик, 2004. – 254 б.
Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2006. – 146 б.
Чокморовго ырдесте: Ырлар – Б.: Бийиктик, 2006. – 35 б.
Орус тилинде
түзөтүүЛегендарный Иссык-Куль: Стихи /пер. Н.Пустынникова и Т.Осмонова/ – Б.: Бийиктик, 2008. – 165 с.
КОТОРМОЛОРУ
түзөтүүШахизада Абдукаримов. Көк астындагы каганат. Ырлар жыйнагы. – Б., 2003. – б.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- http://www.ktrk.kg/kg/post/7550/kg(жеткиликсиз шилтеме)