Чоңбашев Кеңеш Сыдыкович

Чоңбашев Кеңеш Сыдыкович (1931. 02. 01., Каракол шаары) - филология илимдеринин доктору (2003), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, орус тилинин профессору.

Кыргыз Республикасынын мектептеринде, жогорку окуу жайларында орус тилин окутууда өзүнчө зор эмгек сиңирген атактуу ишмер.

Бул окумуштууга орус тили боюнча окумуштуулук профессор наамы, филология илимдеринин доктору даражасы берилген. Э. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана адабияты институтунун орус тили кафедрасында эмгектенет.

1948-жылы орто мектепти бүтүрүп, азыркы Нарын областынын Кочкор районунда мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

1950-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1954-жылы бүтүрүп чыгып, Каракол шаарында орус тили жана адабиятынан окутуучу болуп иштейт.

Кийин элге билим берүү министрлигине чакырылып, Мектеп башкармалыгында инспектор (1957-1958), Кыргыз ССР ИУАсынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер (1958-1959), Ленинград университетинин орус тили жана жалпы тил илими кафедрасынын аспиранты (1959-1962).

1962-жылдан баштал Пржевальск институтунда оруc тилинин теориясы кафедрасынын башчысы, филология факультетинин деканынын орун басары (1963-1965), окуу жана илимий иштер боюнча проректор (1965-1968), Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун улук илимий кызматкери (1968-1971), Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун Тилдер кафедрасынын башчысы (1971-1978), Кыргыз ССР ИУАсынын Тил жана адабият институтунун Орус тили секторунун башчысы (1978-1983), 1983-жылдан бери Э. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде доцент, кафедра башчысы, профессор болуп иштеп келе жатат.

Ал окутуучулук жана мамлекеттик жумуштарын илим-изилдөө менен айкалыштырып келет.

Мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу китептерин жазган. Элге билим берүү министрлигинин конкурсун жеңип алып, 1959-жылы жарыкка чыккан «Литературное чтение по русскому языку» (кыргыз мектептердин 7-кл. үчүн) окуу китеби ушул күнгө чейин кызмат кылып келе жатат.

1960-жылы кыргыз мектептердин 10-кл. үчүн орус тилинин синтаксиси окуу китебин жазган.

Ал типологиялык лингвистика боюнча көп эмгектенген. Орус жана кыргыз тилдеринин сүйлөм түзүлүшүн, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрүн салыштырып изилдеп, бир нече китеп жазган.

Орус тилиндеги багыныңкы кошмо сүйлөмдөрдүн кыргыз тилинде түрдүү жандоочтордун жардамы менен уюшулган татаал сүйлөмдөргө дал келерин аныктаган. Бул эки тилдеги сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартиби тууралуу да пикир айтат. Анын илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинде татаал сүйлөмдөрдүн, айрыкча багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн уюшулуш жолдорун ачып көрсөтөт.

Жарыяланган эмгектеринин жалпы көлөмү 544 басма табакты түзүп, жалпы нускасы 909700 даана, 50дөн ашык илимий эмгек жазган.

Орус тилин жана адабиятын окутуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Конгресстин (1976, Варшава) катышуучусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9