Чоң Койсуу мөңгүсүКүнгөй Алатоонун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү.

Чоң Кемин суусунун сол курамы Чоң койсуунун төрүнөн орун алган. Уз. 3,0 км, аянты 5,3 км2. Башы деңиз деңг. 4150 м, этеги 3740 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3890 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Каптал ж-а этек мореналар жаап жатат. Мөңгүдөн Чоң Койсуу өзөнү башталып, Чоң Кеминге сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2