Чоң НарынНарын дарыясынын негизги курамы. Узундугу 132 км, алабынын аянты 5710 км2. Акшыйрак кырка тоосунун түндүк батышындагы Петров мөңгүсүнүн этегиндеги көлдөн Кумтөр деген ат менен башталып, тегиз түздүк менен агат.

Арабел кошулгандан баштап Тарагай аталып, Жетимбел жана Акшыйрак кырка тоолорун бөлүп, капчыгай аркылуу өтөт. Тоодон чыккандан кийин түздүк менен түштүк-батышка карай морена калдыктары аркылуу жай агып, салааларга бөлүнөт. Мында байыркы көлдөрдүн калдыктары байкалат.

Тарагай менен Карасай кошулгандан кийин Чоң Нарын деп аталат. Ортоңку бөлүгүндө Чоң Нарындын жээктери саздуу келип, салааларга бөлүнөт. Чыгыш Каракол жана Улан кошулгандан кийин бир нукка биригет (туурасы 20–40 м). Айрысуунун чатынан өрөөнү кеңейип, дарыя тектирлерин пайда кылат. Кичи Нарын менен кошулуп, Нарын дарыясын түзөт.

Жылдык орточо чыгымы чатында 48,3 м3/сек; эң көп чыгымы июлда (311 м3/сек), азы февралда (7,3 м3/сек) байкалат..
Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Өрөөнү жайыт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү