Ак-Шыйрак тоо кыркасы

Акшыйрак, Кырка тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Ак-Шыйрак тоо кыркасы, Чаар - таш Ички Теңир-Тоодо; Фергана тоо тизмегинин борбордук бөлүгүнө жанаша жатат. Түндүгү менен батышынан Тогузторо, чыгышынан Орто Нарын өрөөндөрү менен чектешет. түштүк-батыштан чыгышты карай 40 кмге созулат; туурасы 10 км. Батышта Кылдоонун бели (Ойкайыңды) аркылуу Фергана тоо тизмегине кошулат. Ойкайыңды суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнүн пайда кылган. Орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 4786 м. Гранит жана акиташ тоо тектеринен түзүлгөн.

Чыгышында (Алабуга суусунун чатында) неогендин чополуу тоо тегине «чөгүп» кетет. борбордук бөлүгү бийик, түндүк бети тик жана аскалуу. Үстү жана түштүк капталы жылмаланган, жайдак. Акшыйрак кырка тоосу. структурасы боюнча – горст-антиклиналь. Чыгыш жана батыш тараптары кургак талаа (2400–3400 м), түндүк бети (Көл, Бешкөл) карагайлуу. Ойкайыңды жана Ооруктам тулаң, бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, итмурун, табылгы), түштүк жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500–2800 м). Жайыт

Колдонулган адабияттар түзөтүү