Ички Теңир-Тоодо. Жогорку жана Ортоңку Нарын ойдуңдарынын аралыгында жайгашкан. Түштүгү Нарын, түндүгү Жетим кырка тоолору менен чектешет. Узундугу 66км, туурасы Нарын, Жетим тоолорундагы Жанболот (3841м), Байбиче (3784м) ашууларынын меридианында 20км, ал эми жогорку бөлүгүндө 10км ге жетет. Таманынын бийиктиги төмөн жагында (эки нарында) 2254м. Чоң Нарын капчыгайы(жеткиликсиз шилтеме) неогенде пайда болгон. Капчыгайдын башында байыркы мөңгү(жеткиликсиз шилтеме) издери сакталып, тоолордун аскалуу тик капталдарынан куюлган кум, шагыл менен аралашып суунун нугуна чейин түшкөн. Капталдары тик, аскалуу айрым бөлүгүндө туурасы 300–600м ге кеңейип, төртүнчүлүк доордо пайда болгон тектирлердин калдыктары кездешет. Нарын кырка тоосунан башталган Кара-Таш суусу кошулгандан капчыгай 12км аралыкта V формасында кууштайт. Эки нарындын кошулган жеринде кеңейип, төртүнчүлүк мезгилдин башталышындагы чукул бир нече ийилиштерди түзүп, туурасы 20–50м ден ашпайт. Капчыгайдын оң капталында суунун нугунан 500–800м салыштырмалуу бийик –тикте төртүнчүлүк мезгилдин тектирлери чоң аймакты ээлейт. Капчыгай негизинен протерозойдун аягында, девондун ортосунда пайда болгон сланец, липарит, кумдук, гравелит, конгломерат, акиташ теги жана аларды жиреп чыккан интрузия тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы – 19,1°С, июлдуку 14°С. Жылдык жаан-чачыны 336мм. Негизинен токой аралашкан шалбаалуу талаа (2200–3200м), субальп, альп шалбаасы жана талаа (3200–3800м), 3800м ден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар таралган. Капчыгайдын көп бөлүгүн Нарын коругу ээлейт. Калган аймагы жайыт(жеткиликсиз шилтеме).

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү