Чубак (баатыр)

Чубак баатыр‎»‎ барагынан багытталды)

Чубак баатыр Манастын эң жакын чоролорунун бири. Акбалтанын уулу, нойгут уруусунан.

Көк ырапыс тон кийген,
Көгаладай ат минген,
Узун бойлуу, кен далы,
Зорлугу тоонун теңиндей,
Акбалтанын Чубагы
Алышса адамдын алы жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн
Жекелеп белин курчанган,
Жети санча кол келсе
Желбегей кирип кол салган...

Чубактын окуясы С. Каралевдин вариантында(жеткиликсиз шилтеме) көбүрөөк айтылат. Чубактын балалыгы(жеткиликсиз шилтеме), Манаска келип кошулушу(жеткиликсиз шилтеме)өз алдынча тема болуп берилген.

Чубактын атын Кызыр койот. 12 жашка чыкканда “көчүп барсын Таласка, чоро болсун Манаска ” дейт. Чубак ат тандап убара болуп жүрүп, кайыптан болуп Көкаланы табат. Көкаланы мингени барып Букарды камайт. Букардан Каныкей менен сайышып, туруштук бере албай качат. Бул окуяны алдын ала билген Бакай тосуп чыгып Чубакты ажыратып алат. Ошону менен Чубак Манаска келип кошулуп чоросу болуп калат.

С. Орозбаковдун вариантында Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine (1979 жылы чыкканы) Чубак жөнүндө алгач Манастын кыз Сайкал менен сайышкан(жеткиликсиз шилтеме) окуясында айтылат. Манас нойгуттун ханы Карача хандын кызы Сайкал менен сайышып жеңиле турган болгондо Чубак барып “эңиш эмес, сайыш деп” кирип барып ажыратып калат. С. Каралаевдин вариантында Чубак Сайкалдан жеңилген болот. Сайкалга Манастан бөлөк жалгыз Алмамбет чыдаган болот.

Андан кийинки Чубактын чоң окуясы - бул Алмамбет менен болгон чатагы(жеткиликсиз шилтеме).
Манас менен Чоң казатка барып, ошол жактан шейит болот.
С. Каралаевдин вариантында Чубак катуу жарадар болуп, бирок өлбөй кетет:

Камчы бою капталдан
Ошондо камбыл мерген бир койду.
Баатыр ай, очогор тийди бооруна
Чубактын от чагылды көзүнө.
Ошондо өлөр-өлбөс жан менен,
Жер көрүнбөс чаң менен,
Бээжинден алган сары алтын
Чачып кетти көрдүнбү?
Коркок болуп Чубагын
Качып кетти көрдүңбү?!
Ошондо бүйөнгө тийип белине,
Кан Балтанын Чубагы
Качып кетти элине.
Ит-Өлбөстүн жалгыз жол
Сала качып кутулду,
Аркалуу күлүк Көгала
Акбалтанын жалгызын —
Баатырды ала качып кутулду.

Чубактын:
Урусу – нойгут
Атасы - Акбалта
Кылычы – Жойкума
Аты – Көкала/Көктеке (С. Орозбаков)
Аялы – Айжаңжуң кызы Бирмыскал.
Баласы – Канчоро