Чуңкурчак өрөөнү - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында. Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайларынын аралыгындагы кооз өрөөн. Узундугу 26 км. Аянты 97 км2. Деңиз деңгээлинен 2200м бийиктикте жайгашкан. Өрөөндү курчаган тоолордун эң бийик жери 4875 м. Төрүндө жалпы аянты 12,8 км2 келген 4 мөңгү бар; эң чоңу Шопоков мөңгүсү. Өрөөндөн Чуң курчак суусу (Аламүдүн куймасы) агып өтөт. Татыркышнан 2–3км түштүк-батыш тарапта (Чуң курчактын куймасында) Көгүчкөн сугат шаркыратмасы бар. Тоо этегиндеги кургак талаадан алып шалбаасына жана нивалдык-гляциалдыкка чейинки ландшафттар таралган. Деңиз деңгээлинен 1800–2300м бийиктиктеги бийик тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү чабынды катары пайдаланылат.

Чуңкурчак өрөөнү-чандалаш кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталын да. Чаткалдын оң куймасы Чуңкурчак суусунун өрөөнү. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1770мден 2350мге чейин. Рельефи адыр-будур, уңкулчуң кулдуу. Өрөөндүн айланасы, дөбөлөр менен курчалган. Алардын арасындагы көптөгөн чуңкурчактардын айрымдарын чакан көлдөр ээлейт. Тоонун түбүндөгү эки кенен чуңкурчак (Бакмал, Жаныш-Көл) соолгон көлдөрдүн орду, алардан ылдый (2170м бийиктикте) Ак-Көл, Сүйрү-Көл, Камышты-Көл, Коголу-Көл, Кечик-Көл, Казандуу-Көл сыяктуу топ көлдөр тизилип жатат. Булардын узундугу 50–60мден 350мге чейин. Жээктеринде түрдүү өсүмдүктөр өсөт: бакдарак (терек, кайың, тал, итмурун жана башка), камыш, жекен, өлөң чөп, өйдөрөөк жерлерде аюучачы, буйрашашыр, чайыр, арча жана башка.

Чуңкурчактын өңгүл-дөңгүлдүү рельефиндеги олоцендегисей смогравитациялык кыймылдар түзгөн. Катуу жер титирөөлөр Чандалаш кырка тоосунда диаметри 2 кмге жеткен Көчкөн жар аска-зоокасын пайда кылган. Андан урган тоо массасы Чаткал өрөөнүн бөгөгөн. Чуңкурчактын ичи алгачкы карбондун акиташ, плиоцен — алгачкы плейстоцендин конгломерат, брекчиялары жана башка тоо тек сыныктары менен толгон. Жайыт рекреациялык жактан да пайдаланылууда. Жайкысын Ак-Көлдүн жээгинде балдарэс алуучу жай ачылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү