Чыгыш Кара-суу өрөөнү
Чыгыш Кара-суу өрөөнү - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, чыгыштан батышты карай дого сымал ийилип жатат.
Исфан-Жайлоо, Кен-Кол, Такталык жана КочкорДөбө тоолору менен чектешет. Токтогул районун аймагында. Уз. 75-80 км, таманынын эң жазы жери 6-7 км, кууш жери 500-1000 м. Өрөөндүн башы (2000-2400 м бийиктикте) мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, морена ж. б. шиленди тектерден турат. Ортонку бөлүгү (таманынын орточо бийиктиги 1300-1600 м) суу эрозиясы менен аккумуляциясынан пайда болуп, ортонку палеозойдун кумдук, акиташ, сланец ж. б. тектеринен түзүлгөн; V сымал өрөөн. Төмөнкү бөлүгү кенен жана жазы келип, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон. Таманында анда-санда бадал-шалбаалуу токойлор кездешип, ландшафтында талаа, шалбаалуу талаа алкактары басымдуу. Өрөөн менен Кара-Суу (Нарындын сол куймасы) агат. Кара-Суу жана Капка-Таш көлдөрү бар. Баш жагы негизинен жайкы жайыт. Өрөөндү Бишкек - Ош автомобиль жолу кесип өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4