Чыгыш Aксуу мөңгүсү
Чыгыш Aксуу мөңгүсү — Күнгөй Ала-Тоонунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Кемин суусунун сол курамы Аксуунун башынан орун алган. Уз. 4,9 км, аянты 6,9 км2. Башы деңиз деңгели. 4338 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Карчегинин бийикт. 3920 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Өрөөндүн четки мореналары зор жалчаны (бийикт. 50мге чейин)пайда кылган. Ч. А. кенен, көп камералуу цирктер мүнөздүү. Мөңгү көбүнчөэни 2,5–3,0 м келген жаракалар менен тилмеленген. Мөңгүдөн Чоң Кеминдин сол куймасы Аксуу башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
түзөтүү- Aксуу, мөңгү Archived 2016-03-10 at the Wayback Machine