Чыйрыгуу — теридеги кан тамырлардын куушурулуп, спазмга учурагандыгынан үшүү сезиминин пайда болушу. Анда тери түктөйүп, жаак, кол, бут, кулак териси муздап, көгүш кызыл тактар пайда болот. Чыйрыгууда жылуулуктун сыртка берилиши азаят жана булчуңдардын кыймылынан жылуулуктун пайда болушу күчөп, ал болсо дене температурасынын жогорулашына алып келгенден кийин Чыйрыгуу тарайт. Абдан эти ысыганда, эгерде дененин температурасы тез-тез өзгөрүлүп турса, Чыйрыгуу кайталанат.

Дени соо киши сууктун таасиринен чыйрыгат; ал организмдин суукка каршы болгон кадимки коргонуу реакциясы болуп, үшүп калуудан сактайт. Чыйрыгуу көбүнчө жакшы тамактанбаганда, нерв жана эндокриндик бузулууларда, витамин жетишсиздигинде байкалат. Алдын алуу үчүн суук мезгилде жылуу кийинүү, жылуу мезгилде организмди чыңдоо, сууга түшүү, аба жана күн ваннасын алуу, физкультура менен машыгуу, витаминдүү тамак-аш сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8