Спазм (байыркы грек тилинен σπασμός, σπάω сөзүнөн — созуу) — булчуңдардын тонусу күчөшүнүн натыйжасында алардын жыйрылышы.
Кол-буттун булчуңдарында, кан тамырларда (стенокардия), Кызыл өңгөчтө (кардиоспазм), бронхтордо (бронх астмасы), ичегинин жылма булчуңдарында көп кездешет. Скелет булчуңдарынын спазмсы кыймылды начарлатат, ал эми жылма булчуңдардыкы органдардын түрдүү функциясын бузат.

Спазмды жазма дарылар түзөтүү

Спазмды жазма дарылар — ички органдардын (кан тамырлар, бронхтор, ичеги-карын, өт жолдору, табарсык жана башкалар) жылма булчуңдарынын спазмын жазуучу каражаттар.
Бул дарылар нейротроптуу — нерв системасы аркылуу таасир этүүсү (адреналин, эфедрин жана башкалар) жана миотроптуу — жылма булчуңга түздөн-түз таасир этүүчү (папаверин, но-шпа жана башкалар) болуп айырмаланат. Спазмды жазма дарылар жылма булчуңдардын күчөп жыйрылышы менен коштолгон ооруларда (бронх астмасында, кан тамырлардын спазмында жана башкалар) колдонулат. Аларга астмага каршы жана кан тамырды кеңейтүүчү дарылар жана башкалар кирет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8