"Чыккынчылар" (англ. The Departed) — 2006-жылы Мартин Скорсезе тарткан жана Уилиям Монахан жазган америкалык кылмыш драмасы. Бул тасма 2002-жылы тартылган гонгконгдук "Ички иштер" тасмасынын римейки болуп саналат. Тасмага тартылгандар: Леонардо Ди Каприо, Мэт Деймон, Жэк Николсон, Марк Уолберг жана экинчи пландагы ролдордо Мартин Шин, Рэй Уинстон, Вера Фармига, Энтони Андерсон жана Алек Болдуин.

The Departed
Жанры

drama film и crime thriller

Режиссёру

Мартин Скорсезе

Продюсери

Graham King,
Бред Питт,
Brad Grey

Сценарийдин
автору

Уилям Монахан

Оператору

Михаэл Баллхаус

Композитору

Говард Шор

Кинокомпания

Plan B Entertainment, Warner Bros., GK Films и Media Asia Entertainment Group

Узактыгы

150 мүн.[1]

Бюджети

$90 млн[1]

Кирешеси

$289.8 млн[1]

Өлкө

АКШ

Тили

Англис

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 0407887

Тасмадагы окуя Бостондо өтөт. Ирландиялык банда башчысы Френсиз "Фрэнк" Костелло (Жэк Николсон) Коллин Салливанды (Мэт Деймон) Массачусетс штатынын полициясына тыңчы катары жиберет. Бул эки каарман белгилүү бандит Витей Булгер жана аны менен чогуу чоңойгон паракор FBI агенти Жон Коннолинге негизделген. Ошол эле учурда жашыруун мамлекеттик солдат Уиллиам "Билли" Костиганды (Леонардо ДиКаприо) Костеллонун командасына кирип тыңчылык кылуу тапшырмасын берет. Эки тарап тең кырдаалды түшүнгөн соң, Сулливан жана Костиган өздөрүнүн чыныгы жүзү ачылганча каршы тараптын жүзүн ачканга аракет кылышат.

Тасма киносынчылардын элегинен өтүп, ийгиликтүү сатылган жана Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты сценарий" жана "Эң мыкты монтаж" сыйлыктарын утуп алган. Валберг "Эң мыкты экинчи пландагы актёр" наамына көрсөтүлгөн.

Мазмуну түзөтүү

Каармандарда түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 The Departed (2006). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2011.