Чынкожо "Манас" эпосундагы каарман, жедигер уруусунун каны, Семетейдин ички душмандарынын бири, эпостогу салттык образ. Айрым варианттарда Шыгайдын баласы делсе (Саякбай Каралаевдин варианты варианты), айрымдарында Шыгайдын каны (Мамбет Чокморовдун варианты) катары айтылат. Ч-го байланыштуу окуя эпостогу көөнө окуялардан. Тууганчылыктан кетип, Семетейден бийлик талашып, чыныгы феодал баскынчы катары аракеттенет. Толтойду опузалап, баш ийдирип, өзүнө кошулууга аргасыздандырат. Ата-теги эпостун "Манас" бөлүмүнөн бери айтылып келип, "Семетейде " канаттуу кара аты бар коркунучтуу жоо болуп чыгат. Ч-нун Семетейге каршы чыгуусуна эки себеп: тегибиз бир, мен мындан кем эмесмин деген куру намыс. Мунун түбү бийлик үчүн болгон күрөш менен шартташкан. Ч. ала көөдөн, оозун көптүрүп чарпып сүйлөгөн опурулма адам. Анын образы оор басырык, жөн билги, сөзү менен иши бөлүнбөгөн баатыр Семетейдин элесинин карама-каршысы. Толтойду күүлөп көкүткөн, Айчүрөктү алалы деген ойду баштаган да ушул Ч. Бул эпизоддор Ч-нун бузуку, элди бөлүп-жарып бүлдүргөн куйту адам экендигин айгинелейт. Анын түпкү тегинин байыркылыгын көрсөткөн мифтик-фантастикалык касиети бар канаттуу тулпары менен асманда учуп жүрүп Семетейге каршы согушат. Качан гана Күлчоро атын канатка атып, өлтүргөндө жеңилүүгө аргасыз болот. Демек, анын жаны астындагы тулпарынын канатына байланыштуу да, көздөгөн максаты, туткан идеалы — бийлик күтүү. Ошон үчүн Семетейге тийиштик кылып, анын кудалаган колуктусун талашып, Толтойго алып бермекчи болот. Кыздын эли-жерин камайт. Ал кыргыз урууларынын мансап талашкан патриархалдык-феодалдык доордун өкүлү катары Семетейге сөөк өчтү сырткы душмандарындай эле баскынчыл талаптарды коёт. Мындай көрүнүштөр В. Радлов жазып алган варианттан баштап дээрлик бардык варианттарда Ч. катышкан окуялар алда качан калыпка түшүп, эпостун сюжеттик композициялык түзүлүшүндө, салттык окуя катары берилип, образдары улам кийинки мезгилдердин талабына жараша тереңдетилип, татаалдашып отургандыгын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4