Жыгач идиштеринин бир түрү. Көчмөңдүү турмушта буга чыны сакталган. Көчүп-конууда чынынын (пияланын) сынбасы үчүн бул — урунттуулуктуу идиш. Ал боз үйдүн эпчи тарабындагы керегеге илинген. Муну жасоонун жердигин чеберлер талдан, табылгыдан, карагайдан тандайт. Чыны куту көбүнчө жарым шар же цилиндр түрүндө болот да, тегерек бетине көркөм оюм-чийим түшөт. Жыгач кутуга да, көн кутудай темир көрчөгөлөр чабылып, ага күмүш жалатылат. Ал шөкөттөр атайын калыпта куюлат. Буюм бетине чабылган шөкөттөр булгаары бетиндеги кооздуктарды элестетет. Алар көчөт катары бири-бирине окшошпой түшөт. Мындай чыны кутуларды эми биз көбүнчө тарых, этнография, сүрөт музейлеринен көрүп жүрөбүз.

Талдан оюп, табылгыдан торлоп кармаган чыны кутунун капкагынын эки кулакчасы атайын кайыш аркылуу бекилет. Буюмдун капкагы көбүнчө тактайдан жана көн булгаарыдан болгондуктан анын айланасына да көркөм оюм-чийим түшүрүлөт. Ал биз билип-туйган кооздук бак-дарактардын бутакчасы же кадимки шырдактардагы «мүйүз», «кыял» оюмдары кебетеленип кетет. Чыны куту — мыкты белек. Аны ойдогудай жасап, үйгө илип койсо, өз алдынча жарашык берип, элдин чыгармасы, нускасы катары каралат.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)